Мергенчилик менен шылуундангандар кармалды

Автор: dom-journalista, декабря 12, 2012

Мыйзамсыз мергенчилик менен шугулдангандар кармалды. Тагыраагы 7-9 декабрга чейин экологиялык Сары – Мойнок тосмосунда (посту), мергенчилик жана токойчулар департеаментинин Ыссык – Көлдөгү өкүлчүлүгү менен Ыссык – Көл областтык ИИМ кызматкерлери атайын өткөзгөн иш – чаранын негизинде, Ак – Суу, Жети – Өзүз райндорунун тоо кыркаларында уруксаат кагаздары жок аңчылык кылып жүрүшкөн жарандар кармалып, алардан 8 баш сибир текелери, 1 баш жапайы кой, 1 баш түлкү жана 1 баш каман чочко алынган.

Мергенчилер департаментинин областтык өкүлчүлүгү билдиргенге караганда, кармалган жарандар жана алардын мыйзамсыз олжолору тийиштүү органдарга өткөрүлүп берилген, учурда сурак иштери өткөрүлүүдө дейт КР окмотунун Ысык-Кол областындагы Ыйгарымдуу окулунун басма соз катчысы.

Оставить комментарий

Обязательное поле.

Обязательное поле. Не публикуется.

Если есть.